Blog Image

КМУга Кытай Эл Республикасындагы Sapur компаниясынын өкүлдөрү келди

5-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Шандунь провинциясынын Sapur компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгул Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рай кызы Рахат жана Маалымат технология борборунун жетекчиси Жолдошбек Моекшов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, системалык камсыздоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Жыйынтыгында, тараптар долбоорду иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүп, келечекте ишке ашырылуучу иштер боюнча макулдашылды. Бул кызматташуу келечекте университеттин маалымат технологияларын өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана эл аралык деңгээлде университеттин позициясын бекемдейт.

Sapur компаниясы системалык камсыздоо боюнча дүйнө жүзү боюнча 120 мамлекетке дата борбор менен камсыз кылган ири ишкана болуп саналат.