КМУнун ректору Айгүл Абдраева Түркия мамлекетинин элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту
И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев Түркия мамлекетинин элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.