КМУнун ректору Айгүл Абдраева Түркиянын Кыркларели университетинин ректору Ренгин Ак айымды кабыл алды
17-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Түркия Республикасынын Кыркларели университетинин ректору, профессор, д-р Ренгин Ак айымды жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өкүлдөрү д-р Эмруллах Тёрен жана д-р Кадри Агюн мырзаларды кабыл алды.
Жолугушууга КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбековалар катышты.
Жолугушууда эки университеттин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлуп, келечекте илимий-техникалык маалымат алмашуу, эл аралык изилдөө иштерине катышуу үчүн биргелешкен топторду түзүү, студенттердин мобилдүүлүгү, жалпы окутуучулар курамынын эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуусу жана ар кандай сунуштар талкууланды.
Бул жолугушуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого маанилүү салым кошот деп ишенебиз.
Эске салсак, Түркия Республикасынын Кыркларели университети чет тилдер мектеби, табигый жана техникалык илимдер, педагогикалык, экономикалык, юридикалык, социология, медицина, тарых, туризм, архитектура, искусство багыттары боюнча адистерди даярдайт.
Делегация мүчөлөрү И.Арабаевдин музейинде экскурсияда болуп жана университеттин окуу корпустары менен жакындан таанышты.