Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Түркиянын ТИКА уюмунун Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодурду кабыл алды

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Түркиянын ТИКА уюмунун Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодурду кабыл алды. Жолугушууга Дин таануу институтунун директору Нурбек Шамралиев катышты.

Жолугушууда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, түрдүү тармактарда кызматташуунун жолдору талкууланды. Тактап айтканда, көп тармактуу билим берүү, Түркиянын билим берүү мекемелери менен кызматташууну жакшыртуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. Мындан тышкары университетте кыргыз-түрк маданий борборун түзүү менен катар кыргыз жана түрк тилдерине котормочуларды даярдоо маселеси да талкууланды.

Позвонить