Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Япониянын «Эйшин» билим берүү мекемелер тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Кимио Игути мырзаны кабыл алды

21-июль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Япониянын «Эйшин» билим берүү мекемелер тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Кимио Игути мырзаны кабыл алды.

Жолугушууга КМУда ыктыярчы катары эмгектенген Йоко Окаяма айым жана Хирой Кёносукэ мырза жана Японтаануу институтунун директору Айбек Самаровдор катышышты. Жолугушууда тараптар билим берүү жаатындагы кызматташуунун келечеги, айрыкча студенттик алмашуу программалары, япон тилин үйрөтүү жана практикалык стажировкаларды уюштуруу боюнча пикир алышты. Белгилей кетсек, «Эйшин» билим берүү мекемелерине төмөнкү окуу жайлар кирет:

– Эйшин колледжи,

– Эйчи институту,

– Ниигата балдарды кароо жана социалдык тейлөө колледжи,

– Ниигата медицина жана социалдык кызмат колледжи,

– Ниигата реабилитация жана медико-санитардык колледжи,

– Ниигата балдар социалдык колледжи ж.б.

Бул жолугушуу эки өлкөнүн билим берүү мекемелери ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жогорку билимдүү, тил билген жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болду.

Позвонить