Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Үсөнов менен жолугушту

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Үсөнов менен жолугушуусу болуп өттү. Ага Окуу иштери боюнча проректор Талант Курманбек уулу жана Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева катышты.

Жолугушууда педагогикалык билим берүү тармагындагы педагог мугалимдерди сертификациялоо, сапаттуу мугалимдер даярдоо, академиялык мамилдүүлүк ошондой, эле билим берүү тармагындагы реформалар боюнча талкууланды. Андан сырткары буга чейин эки университет ортосунда кол коюлган келишимдердин негизинде иштер улантылаары айтылды.