Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана "U.C.M Италия" бирикмесинин президенти Паоло Брешиа меморандумга кол коюшту

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана "U.C.M Италия" бирикмесинин президенти Паоло Брешиа меморандумга кол койду. Анын негизинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, U.C.M Италия бирикмеси жана «Академия делла Республика интитолата» меморандум алкагында иш алып барат. Меморандумдун максаты, тажрыйба алмашууну, кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, мейманкана жана ресторан бизнесинин адистери үчүн окуу курстарын жана практикалык тренингдерди өткөрүү болуп саналат. Андан сырткары, туризм, мейманкана жана ресторан бизнесинин объектилерин эксплуатациялоо, кулинардык искусство боюнча эл аралык сынактарды, туристтик гастрономиялык фестивалдарды өткөрүү каралган.