Blog Image

КМУнун ректору Айгул Абдраева “Билим берүү диалогу: жалпы келечегибиз” Эл аралык платформасынын ишине онлайн катышты

16-октябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгул Абдраева “Билим берүү диалогу: жалпы келечегибиз” Эл аралык платформасынын ишине онлайн катышты. Онлайн платформа Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин жана “Менин тарыхым” Гуманитардык илимдерди колдоо фондунун жаңы долбоору «Билим берүү диалогу: жалпы келечегибиз» тарабынан уюштурулган. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу 11 тематикалык багыт боюнча долбоордук сессияларды (вебинарларды) үзгүлтүксүз өткөрүүнү камтыйт. Вебинарлар 2024-жылдын октябрь-декабрь айларында өткөрүлөт. Жогорку окуу жайлардын жана башка билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышып, тематикалык аймакта өз өлкөсүнүн тажрыйбасын көрсөтүү мүмкүнчулүгүнө ээ. Долбоордук сессиялардын (вебинарлардын) жүрүшүндө тематикалык багыттар боюнча эл аралык долбоордук топтор түзүлүп, биргелешкен изилдөөлөр жана долбоорлор үчүн келечектүү темалар аныкталат.