Blog Image

КМУнун ректору Б.Осмонов атындагы ЖАМУда өтүп жаткан “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу достук фестивалына катышууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өтүп жаткан “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу достук достук фестивалына катышууда. Ректор өз сөзүндө жаштардын маданий иш-чараларга активдүү катышып, билимге умтулуусу жаркын келечектен кабар берерин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады. Достук фестивалына ректор менен биргеликте окуу жайдын автивдүү студенттери чакырылган. Студенттер Жаштар жана социалдык-маданий бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаровдун жетекчилиги алдында барышты. Анда катышуучулар ЖАМУ менен таанышып, маданий иш-чараларга күбө болушууда. 3 күнгө созулган достук фестивалы жаштардын бири-бири менен таанышып, дос болуусуна, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүүчү маданий иш-чара. Ага өлкөдөгү 7 жогорку окуу жайдын студенттери катышып жатат.