КМУнун ректору Борбордук Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун III форумуна катышууда
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Борбордук Азия университеттеринин ректорлорунун “Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азиянын университеттерин трансформациялоо” форуму өтүүдө
20-ноябрда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында Борбордук Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун «Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы» аталышында форуму өтүүдө.
Форумга КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева катышууда.
Форумдун башында катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына арналган тасма көрсөтүлдү.
Борбордук Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун форумуна Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандан жогорку окуу жайларынын ректорлору жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлору катышууда.
Форумга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттер катышууда.