Blog Image

КМУнун ректору Эл аралык билим берүү программалары институтунда магистратуранын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Эл аралык билим берүү программалары институтунда Кытай Эл Республикасынан келип билим алган магистранттар менен жолугушту.

Экономика, IT, жогорку мектепте билим берүү, педагогика, мектепке чейинки педагогика жана психология, көркөм өнөр, музыкалык билим берүү жана дене тарбия багыттары боюнча 36 магистрант ийгиликтүү аякташты.