Blog Image

КМУнун ректору "Green KG" долбоорунун алгачкы жолугушуусуна катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы К.Дикамбаев атындагы Дипломатия академиясында өтүп жаткан "Green KG" долбоорунун алгачкы жолугушуусуна катышууда. 
Конференцияда "Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жана жашыл университеттер долбоорунун маанилүүлүгү" аталышындагы негизги баяндаманы Эл аралык жогорку медициналык мектебинин өкүлү Кеңеш Жусупов сунуштады. Конференциянын жүрүшүндө география илимдеринин доктору, профессор М.Дылдаев "И. Арабаев атындагы КМУнун ERASMUS+ алкагында жашыл университет долбоорунун башталышы" аталышында баяндамасын презентациялайт.