Blog Image

КМУнун ректору И.Кант атындагы БФУ тарабынан келген делегация менен жолугушту

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин Орус тили маселелери жана гуманитардык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Татьяна Цвигун, Интернационалдаштыруу жана эл аралык өнөктөштүк бөлүмүнүн адиси Ксения Скрябина менен жолугушту.

Жолугушууда Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Рай кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева катышып, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.