Blog Image

КМУнун ректору Интеграция жана билим институтунун атайын программалар боюнча директору И.Рафиков менен жолугушту

20-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Интеграция жана билим институтунун атайын программалар боюнча директору, PhD доктору, сертификатталган эл аралык финансист Ильдус Рафиков менен жолугушту.
Жолугушууга КР Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, Лицензиялоо башкармалыгынын начальниги, саясий илимдеринин кандидаты Алмаз Ибраев, Теология факультетинин деканы, PhD доктор Нурбек Шамралиевдер катышты.
Жолугушууда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, онлайн билим берүүнүн келечеги жана тажрыйба алмашуу тууралуу каралды.
Интеграция жана билим институтунун ишмердүүлүгү билим берүү, изилдөө жана илимий басылмаларды камтыйт. Интеграция жана билим институтунун билим берүү ишмердүүлүгү исламдык ой жүгүртүү жана билим интеграциясы боюнча магистратура программасын, ошондой эле тандалган онлайн курстарды жана вебинарларды көздөйт.