Blog Image

КМУнун ректору Казакстан Инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университетинин ректору жетектеген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 18-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Казакстан инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университетинин ректору, Батыш Казакстан облустук маслихатынын депутаты Алиби Баяхов баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда эки университеттин билим берүү тармагындагы кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланып, PhD докторанттары үчүн биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.