Blog Image

КМУнун ректору Кесиптик бирлик уюмдарынын республикалык форумунда “Жамааттык келишимди түзүүдөгү иш берүүчүнүн милдеттери жана жоопкерчилиги” тууралуу ой бөлүштү 

Бүгүн, 12-апрель күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева “КРнын Билим берүү жана Кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгү: милдеттер жана жоопкерчиликтер” республикалык форумуна катышты. КМУнун ректору “Жамааттык келишимди түзүүдөгү иш берүүчүнүн милдеттери жана жоопкерчилиги” тууралуу ой бөлүштү. 
И.Арабаев атындагы КМУнун профсоюз уюмунун жетекчиси Назар Догдурбек республикалык форумдун жүрүшүндө КМУнун профсоюз уюмунун ортосунда социалдык өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн Жамааттык келишиминин аткарылышы тууралуу маалымат берди.