Blog Image

КМУнун ректору Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын  жана Ыйгарым Укуктуу элчиси менен жолукту

29-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева  Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын  жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ли Вонджэ жана Корея Республикасынын Кыргызстандагы  Элчилигинин биринчи катчысы Текёнг Гон менен жолугушту. Жолугушууга  КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Илимий китепкананын директору Нурила Давлетьярова жана Седжонг институтунун директору  Сон Донг Веон катышты.  Жолугушууда эки өлкө арасындагы билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык жана корей тилин үйрөтүү багыттары  тууралуу талкуулар жүргүзүлдү. 

Корей тилин үйрөнүп жаткан студенттерге элчи Ли Вонджэ Кореяда билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү  жөнүндө лекция өттү.

Келген конокторго Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей бөлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган маданий программа тартууланды.