Blog Image

КМУнун ректору курам жетекчилери менен педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан даярдоонун сапатын жогорулатуу тууралуу талкуулоодо

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева курам жетекчилери менен жолугуп, Кыргыз Республикасында жүрүп жаткан реформаларга ылайык, билим берүү системасына, анын ичинде педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарында коюлган милдеттер адистерди кесиптик жактан даярдоонун сапатын жогорулатууну жана аларды дүйнөлүк стандарттын деңгээлине жеткирүүнү талап кылынарын эске салды. Ошону менен бирге, жаңы муундагы педагогикалык адистерди даярдоодо жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууда квалификацияны жогорулатуу курстары өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.