Blog Image

КМУнун ректору Кыргыз Республикасынын Япониядагы ардактуу консулу менен жолугушту

Бүгүн, 5-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын Япониядагы ардактуу консулу Ёцухаши Мичинори менен жолугушту.

Жолугушууга Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, Япониянын социалдык камсыздоо корпорациясынын аткаруучу директору Рей Миямото жана "Маегиносато" корпорациясынын башкы директору Шиня Ишимото катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык кызмат жаатындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.