Blog Image

КМУнун ректору “Мамлекеттүүлүк башатында” китебинин бет ачарына катышты

Бүгүн, 6-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана КМУнун профессордук-окутуучулук курамы коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана тарыхчы-окумуштуу Жумагул Байдилдеевдин “Мамлекеттүүлүк башатында” китебинин бет ачарына катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өтүп, анда КМУнун ректору Айгүл Абдраева Жумагул Байдилдеевди Арабаев таануу илимий-изилдөө борборунун алгачкы жетекчиси катары белгилеп, анын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсандарга тиешелүү архивдик материалдарды Россия, Казакстан жана Өзбекстандан топтоо иштерине кошкон салымын баса белгиледи.

Иш-чарада китептин мазмуну жана жаралуу тарыхы тууралуу кеңири баяндамалар жасалды. Бул иш-чара окурмандарды жана китеп сүйүүчүлөрдү архивдик материалдар менен тааныштырууга, ошондой эле, кыргыз адабиятын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.