Blog Image

КМУнун ректору Meitetsu group ири транспорттук жана инфраструктуралык компаниясынын директорун кабыл алды

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Meitetsu group ири транспорттук жана инфраструктуралык компаниясынын директору Танака Шигеруну кабыл алды. Жолугушууга Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, КМУнун ректорунун кеңешчиси Ёцухаши Мичинори катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө, Японтаануу институтунун студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн практикадан өткөрүү жана ишке орноштуруу боюнча окуу жай менен Транспорт жана тейлөө кызматтарын көрсөткөн иш-аракеттердин кеңири спектрин камтыган Meitetsu group ири транспорттук жана инфраструктуралык компаниясынын мындан аркы кызматташуусу талкууланды.