Blog Image

КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Нагаока университетинин өкүлдөрүн кабыл алды

20-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Нагаока университетинин өкүлдөрү техника илиминин кандидаты, профессор Юкио Мияшита жана Нагаока университетинин Глобалдык билим берүү борборунун директору, профессор Ли Наоко Иизуканы кабыл алды. Жолугушууда IT багыты боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, эки университеттин ортосундагы келишимге кол коюу боюнча макулдашуулар орун алды.