Blog Image

КМУнун ректору, профессор Айгул Абдраева президенттик стипендиаттар менен жолугушту

Бүгүн, 25-декабрда, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгул Абдраева 2022-2023-окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болгон студенттер Бекболотов Сталбек, Кубатбек кызы Зарина, Омурова Айгерим, Рахманалиева Миргүл жана Сагынбекова Гүлжамал менен жолугушту.
Ректор президенттик стипендиаттарга бекем ден соолук, окууларында ийгиликтерди жана келечекте мыкты адис болуу тилектештигин билдирди.