Blog Image

КМУнун ректору “Ребун” мейманканасынын генералдык директору менен жолугушту

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева «Ребун» мейманканасынын генералдык директору Комацубара Ичиро мырза менен жолугушту.
«Ребун» мейманканасы менен И.Арабаев атындагы КМУнун кызматташуу боюнча кол коюлган келишимине ылайык, университеттин Японтаануу институтунун мугалимдери жана студенттери Япониянын бул мейманканасында практика өтөй алышат.
Быйыл жайкы каникул учурунда 10 студент практикасын ийгиликтүү өтөп келишти.
Комацубара Ичиро мырза Японтаануу институтунун студенттери практика учурунда өздөрүнүн билими, иштермандыгы, ийкемдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү менен жакшы таасир калтыргандарын белгиледи. Студенттер практика учурунда Япониянын мейманкаларында ишмердүүлүктүн, жалпы тейлөө көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү, тейлөөнүн сапаты жана маданияты менен жеринен таанышып, ошону менен бирге япон тилин билүү деңгээлин да кыйла жогорулатууга жетише алышты.
«Ребун» мейманканасы менен кол коюлган келишимге ылайык Япониядан 1 адисти толук каржылоо менен 6 айга И.Арабаев атындагы КМУга иштөөгө жөнөтүү ниетин билдиришти. Быйыл практика өтө турган студенттердин саны көбөйтүү пландаштырылууда.