Blog Image

КМУнун ректору С.Есенин атындагы Рязань мамлекеттик университетинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева С.Есенин атындагы Рязань мамлекеттик университетинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Ага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, МТМИнин директору Самат Жумалиев, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, ЖМТИнин директору Улан Керимов жана Физика-математика факультетинин деканы Гүлзат Токонбекова, Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова катышты. Экинчи тараптан онлайн жолугушууга С.Есенин атындагы Рязань мамлекеттик университетинин инновациялык ишмердүүлүк жана санариптик өнүктүрүү боюнча проректору Александр Асаев, Орус филологиясы жана улуттук маданият факультетинин деканы Кирилл Алексеев, Педагогика, психология жана социалдык иштер институтунун директору Светлана Сысоева, ошондой эле, Физика-математика жана информатика институтунун директору Ольга Чихачева катышты. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча талкуулар жүргүзүлүп, соңунда келишимге кол коюлду.