КМУнун ректору Санарип активдеринин эл аралык корпорциясынын президентин кабыл алды
КМУнун ректору Айгуль Абдраева Санарип активдеринин эл аралык корпорциясынын президенти Yue Hefu менен жолукту. Жолугушууда Кытай Эл Республиксынын Шандун провинциясында кыргыз-кытай факультетин ачууда КМУга көмөк көрсөтүлөөрү айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында уюштуруу тобу түзүлдү.
Жолугушууга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы жана Кытай бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ажымамбетовалар катышты.