КМУнун ректору Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилигинин «CAT WALK 2025» марафонуна катышты
Бүгүн, 9-февраль күнү, Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «CAT WALK 2025» марафону өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
КМУнун студенттери Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «CAT WALK 2025» марафонунун алкагында өткөн сүрөт тартуу сынагына катышты. Студенттер өздөрүнүн сүрөттөрү аркылуу жапайы жаныбарларды сактоо маселесине көңүл бурдурууга чоң салым кошту. Мындай иш-чаралар жаштардын экологияга болгон аң-сезимин жана адептик жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзөт.