КМУнун ректору спартакиадан жеңишке жеткен командаларды кабыл алды
22-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган республикалык профсоюздук спартакиадасында жеңишке жеткен командаларды кабыл алды.
КМУнун кыздар командасы волейбол боюнча1-орунду камсыз кылышты. Ал эми балдар командасы волейбол боюнча 3-орунга татыктуу болду. Кол күрөш боюнча Нургүл Жунузалы кызы 1-орунду ээледи.
КМУнун ректору Айгүл Абдраева жеңүүчүлөрдү куттуктап, алардын спорттогу ийгиликтери университет үчүн зор сыймык экендигин жана спорт ден соолукту чыңдоого чоң салым кошоорун баса белгиледи.