КМУнун ректору Түндүк Кипрдеги Лефке Европа Университетине иш сапар менен барды
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Түндүк Кипрдеги Лефке Европа Университетине иш сапар менен барды.
Алдыда кол коюлган 2 ЖОЖдун кызматташуу боюнча келишиминин негизинде, Лефке Европа университетинин ректору Мехмет Али Юкселен менен жолугушту.
Жолугушууда И.Арабаев атындагы КМУнун 2 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында аталган университетте билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.