Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Түркиянын белгилүү укук коргоочусу Джеват Акшит менен жолугушту

Бүгүн, 6-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Түркиянын белгилүү укук коргоочусу жана дин таануучусу, Гайе фондунун башкаруучулар кеңешинин төрагасы Джеват Акшит менен жолугушту. Жолугушууга Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагында PhD докторлук программаларын өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер талкууланды.