КМУнун ректору Улуу Британиянын Ноттингем Трент университетинин профессорлору менен жолугушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Улуу Британиянын Ноттингем Трент университетинин профессорлору Мартин Севу, Сэм Баркли жана Ташкент шаарындагы Вестминстер эл аралык университетинин өкүлү Гулназ Бектемирова менен жолугушту. Иш-чарага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты. Жолугушууда билим берүү процессинде инклюзивдик ыкмаларды ишке ашыруу боюнча көйгөйлөр жана Улуу Британия, Кыргызстан жана Өзбекстандын университеттеринин ортосундагы кызматташуунун мындан аркы перспективалары талкууланды.
Белгилей кетсек, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова Улуу Британия жана Өзбекстандын алдыңкы университеттери менен өнөктөштүктө инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ири долбоорду жеңип алган. Бул долбоор Британ кеңеши тарабынан уюштурулуп, “English and Inclusion Partnerships” программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты – англис тили мугалимдерин даярдоодо инклюзивдик билим берүү системасын өнүктүрүү жана жаңы инновациялык ыкмаларды жайылтуу.
Аталган долбоор И.Арабаев атындагы КМУнун эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдеп, инклюзивдик билим берүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.