Blog Image

КМУнун ректору Венгриянын К. Эстерхази университетинин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 9-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Венгриянын К. Эстерхази университетинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууга Венгриянын К. Эстерхази университетинин ректору, PhD доктор Илона Пайток-Тари, К. Эстерхази университетинин проректорлору доктор Иштван Новак жана доктор Хайналка Чафор, ошондой эле, КМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу маселелер талкууланды.

Позвонить