Blog Image

КМУнун ректору Венгриянын КРдагы элчиси менен жолугушту

12-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги жана Венгриянын консулу Дёрдь Тар менен жолугушту.

Жолугушууга Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова, фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын башчысы Г.О.Ибраева, ФиПЛ кафедрасынын окутуучулары А.Т.Ташматов, А.И.Размерица, З.Ш.Сазыкулова жана ошондой эле студенттер катышты.

Жолугушууда Кыргызстандык студенттерди жана окутуучуларды Венгриянын университеттеринде Stipendium Hungaricum, Balassi программалары боюнча бакалавр, магистр жана PhD даражасына окутуу маселелери талкууланды; И.Арабаев атындагы КМУнун Эгер шаарындагы Карой Эстерхази университети менен кызматташуу маселелери; академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында биргелешкен иш-чараларды, илимий изилдөөлөрдү, студенттерди алмашуу.

Жолугушууда ректор университеттин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекованы тааныштырды.

Өз кезегинде элчи мырза И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучуларына жана студенттерине венгр тилин үйрөтүү программасы жанданганын билдирди. Элчи Шандор Дороги жана Венгриянын консулу Дёрдь Тар окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп беришти.