Blog Image

КМУнун ректору япон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 26-сентябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева белгилүү япон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга КМУнун ректорунун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, ошондой эле, япониялык делегациянын мүчөлөрү: “Tarutoko Research Institute Ltd” компаниясынын өкүлү Шинжи Тарутоко, “Business Plaza” кооперативинин өкүлү Хиронобу Кобаяши, “Skillway” кооперативинин өкүлү Шоичи Като катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМУ менен япон бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө, илимий изилдөөлөр, билим берүү жаатындагы алмашуулар жана япон бизнес сектору менен туруктуу өнөктөштүктү түзүү жолдору каралды.

Бул жолугушуу КМУнун эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.