КМУнун ректору Япониядан келген делегацияны кабыл алды
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Япониядан келген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга Кобе шаардык өнөр жай, мамлекеттик жана билим берүү мекемелеринин платформасынын башкы катчысы Кэн Фуджиока, Кобе эл аралык университетинин студенттерди колдоо борборунун башчысы Шёхэй Хаяши, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Яизу шаарындагы ардактуу консулу Мичинори Ётсухаши, Япониянын IB System компаниясынын башкы директору Шигэру Вакакува катышты.
Жолугушууда Кобе шаарынын өкүлү Кобе Эл аралык университети менен биргелешкен долбоор тууралуу маалымат берип, Японтаануу институтунун студенттерин академиялык мобилдүүлүккө жана Японияда билим алуусуна даярдоо демилгеси талкууланды.
Ошондой эле, КМУнун студенти IB System компаниясында тажрыйба өтөгөнү белгиленди. Университет менен аталган компаниянын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.
Шигэру Вакакува мырза И.Арабаев КМУнун IT багытындагы студенттерин Япониянын Нагаока шаарындагы IT компанияларына кабыл алуу жана тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусун билдирди.
Тараптар билим берүү, технология жана инновация тармактарында мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Япониянын университеттери жана компаниялары менен өнөктөштүктүн чыңдалышы И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн эл аралык билим алуу жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтээри белгиленди.