Blog Image

КМУнун ректору Япониялык өнөктөштөр менен жолукту

Бүгүн, 10-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Япониядан келген өнөктөштөр Хоккайдо префектурасынын Накасибецу шаарынын мэри Нишимура Ютака жана “Иватани Гакуэн” Билим берүү борборунун директору Орикаса Хатсуо менен жолугушту. Иш-чарада эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Андан кийин коноктор Японтаануу институтунун, Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИ жана ЖМТИ студенттери менен жолугушту.

Япониянын Накасибецу шаарынын мэри шаар, анын инфраструктурасы жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Орикаса Хатсуо мырза студенттерге “Иватани Гакуэн” Билим берүү борбору жана бул окуу жайга тапшыруу тууралуу маалымат берди.