Blog Image

КМУнун ректору Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен кызматташууга үмүт артарын билдирди

Бүгүн, 28-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин Волонтердук программаны өнүктүрүү программасынын адиси Иманалиева Айнура жана Ыктыярчылардын координатору Кимура Ами менен жолугушту. Жолугушууда волонтердук иш боюнча маселелер талкууланып, ректор ыктыярчыларды камсыздоодо агенттиктин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, университетте волонтердук иш абдан жакшы натыйжаларды берип, студенттерди мотивациялап жатканын белгиледи. Ректор JICA агенттиги менен мындан аркы кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Жолугушууга Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори, Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү катышты.