Blog Image

КМУнун ректору Японтаануу институтунун Камкордук кеңешинин мүчөсү Вакакува Шигеруга терең ыраазычылык билдирди

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева өзүнүн жана университеттин жалпы жамаатынын атынан Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы билим берүү системасындагы кызматташтык мамилелерди бекемдөөдөгү жана өркүндөтүүдөгү олуттуу салым кошкондугу үчүн IB-System компаниясынын президенти, И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун Камкордук кеңешинин мүчөсү Вакакува Шигеру мырзага терең ыраазычылык билдирди.

Биздин учурдагы кызматташтыгыбыз мындан ары да арышын кенен жайып, Кыргызстандын жаштарына IT-багытында билимдерин тереңдетүүгө, татыктуу тажрыйба топтоого мыкты мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз.

Вакакува Шигерунун чоң жардамы менен Ниигата шаарында КМУнун офиси ачылган. Аны менен катар, Япониянын дагы 2 жогорку окуу жайында кызматташууга сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктады.