Blog Image

КМУнун ректору Өзбек мамлекеттик искусство жана маданият институтунун ректорун кабыл алды 

Бүгүн, 21-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Өзбек мамлекеттик искусство жана маданият институтунун ректору Елдор Шермановду кабыл алды.
Жолугушууга КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Окуу башкармалыгынынбашчысы Равшан Зайниев катышты.
Иш-чарада эки тараптуу билим берүү, илим маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.