Blog Image

КМУнун ректору ЖОЖдор аралык “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүлөрү “Эрудит” командасын кабыл алды

КМУнун ректору ЖОЖдор аралык “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүлөрү “Эрудит” командасын кабыл алды
Бүгүн, 12-февраль күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева КМУнун “Эрудит” командасынын мүчөлөрү Бекболотов Сталбек, Майрамбекова Сезим, Асанбаева Алина жана Вахабов Русланды кабыл алып, аларга ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун “Эрудит” командасы КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштар конгресси жана «Агартуу лигасы» биргеликте уюштуруп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөн ЖОЖдор аралык “Акыл таймаш” жаштар кубогу интеллектуалдык оюнунда 1-орунду багындырган. 
Жолугушууга Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышты.