Blog Image

КМУнун ректорунун демилгеси менен профессор Ш.Кадырова атындагы методикалык кабинети ачылды

Бүгүн, 10-июнь күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраеванын демилгеси менен КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор Ш.Кадырованын 80 жылдыгына арналган Шарыйпа Кадырова атындагы методикалык кабинетинин ачылуу аземи өттү.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, ф.и.д., проф. А.Т. Абдраева, Ш.Кадырованын уулу А. Имангазиев, Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин директору, п.и.д., проф. Н.К.Сартбекова, ф.и.д., проф. З.Караева, ф.и.д., проф. А.А.Бекбалаев, ф.и.д., проф. Ч.К.Найманова, ф.и.д., проф. Д.И.Козуев, ошондой эле Ш.Кадырованын аспиранттары, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Методикалык кабинет профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер үчүн чет тилин окутууда учурдун талабына жооп берген заманбап технологиялар менен жабдылды.

Профессор Шарыйпа Кадырова чет тили факультетин аталган жогорку окуу жайынан артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун, илимий ишмердүүлүгүн жана билимин жаш муундарга арнаган.

Иш-чаранын алкагында институттун алдыңкы студенттерине Шарыйпа Кадырованын үй-бүлөсүнүн атынан стипендия тапшырылды.