Blog Image

КМУнун ректорунун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен расмий жолугушуусу өтүүдө

21-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУга Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түркия Элчилигинин билим берүү кеңешчиси Куршад Дулкадир, Түрк тилин үйрөтүү борборунун (ТӨМЕР) директору Мустафа Булут мырзалар келди. Конокторду университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиевдер тосуп алды.

Жолугушуунун алкагында университеттин фойесинде эки өлкөнүн сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, улуттук күүлөр тартууланды.

Коноктор Ишеналы Арабаевдин музейи менен таанышты. Андан соң, келген конокторго Теология факультетинин студенттери тарабынан даярдалган маданий программа тартууланды.

Аталган иш-чара эки өлкөнүн достугун жана ынтымагын, ар тараптуу кызматташтыгын бекемдейт.