Blog Image

КМУнун шахмат жана тогуз коргоол боюнча курама командалары республикалык "Ден соолук-2025" спартакиадасында байгелүү орундарды камсыздашты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин шахмат жана тогуз коргоол оюндары боюнча мырзалар жана айымдар курама командалары Ысык-Көл жергесинде өтүп жаткан республикалык "Ден соолук-2025" спартакиадасында байгелүү орундарды камсыздашты. Белгилей кетсек, шахмат боюнча айымдар курама командасынан Абдраева А., Абышбаева А., Алымкулова Г., Мажитова Л. жана мырзалар курама командасынан Умурзаков М., Мурзаев Т., Карымшаков Ө., Алишев Т. III орунду камсыздашты.  Ошондой эле, тогуз-коргоол боюнча айымдар курама командасынан Абдраимова Б., Арыпбекова К., Мамбеталиева С., Көчөрбаева Б. II орунду жана мырзалар курама командасы үчүн ойногон Дыйканов И., Канназар уулу Н., Мамытова А., Тыналиева Ч. III орунду камсыздашты. И.Арабаев атындагы КМУнун республикалык "Ден соолук-2025" спартакиадасында ийгилик жараткан окутуучуларга бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Позвонить