Blog Image

КМУнун Стартап борбору 1-курстун  студенттери жана «Энактас КМУ» командасынын жаңы мүчөлөрү үчүн I тренингди уюштурду 

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору 1-курстун  студенттери жана «Энактас КМУ» командасынын жаңы мүчөлөрү үчүн I тренингди уюштурду. Тренингдин максаты – студенттер өз жөндөмдөрүн колдонуп,  дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган долбоорлорду иштеп чыгып, коомчулукка пайда алып келүүсүнө жеткирүү. 

Тренингдин жүрүшүндө  лидерлик, командада иштөө, долбоорлорду башкаруу жана ишкердик чөйрөлөрүндө көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча багыт берилди.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар 6 командага бөлүнүп, андан кийин ар бир  команда  1 долбоорду ишке ашырууга жетишти. 

Эң кызыктуусу – жаңы түзүлгөн командаларга жана алардын долбоорун ишке ашырууну көзөмөлдөй турган жеке насаатчылар дайындалды. 
Ошондой эле, сырттан келген тренер “Тартип аркылуу команданын ийгиликке жетүү жолу” тууралу ар бир команда менен баарлашты.