КМУнун Стартап борбору «Enactus КМУ» кышкы лагерине катышууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борборунун командасы 26-28-февраль күндөрү өтүп жаткан «Enactus КМУ» кышкы лагерине катышууда.
Иш-чаранын алкагында студенттер ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүп, республикалык деңгээлдеги эксперттерден билимдерди алууда.
Мындай иш-чаралар студенттерге билимдерин кеңейтүүгө, бирдей көз караштагы адамдарды таап, жаңы инновациялык стартап долбоорлорду даярдоого мүмкүнчүлүк берет.