Blog Image

КМУнун Стартап борбору "Стартап марафон-2" сынагын өткөрдү

10-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору "Стартап марафон-2" сынагын өткөрдү.

"Стартап марафон-2" сынагына университеттин түзүмдөрүнөн 30 долбоор түшүп, 19 долбоор сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган. Ар бир катышуучу "Стартап марафон-2” сынагынын жобосунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча бааланып, 2 категория боюнча ат салышты. Алар, техникалык инновациялар категориясы жана социалдык демилгелер категориясы. Иш-чарага Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева  жана студенттер катышты. Сынакка Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун өкүлү А. Чатоева жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси К. Бекташев, “Энактас Кыргызстан” Коомдук бирикмесинин программалык координатору А. Орузбаев жана “Кутадгу билиг” коомдук фондунун  фонд жетекчиси А. Джаныбаев калыстык кылышты.

 “Стартап марафон-2” сынагынын жыйынтыгында, техникалык инновациялар категориясы боюнча 1-орунду Японтаануу институту “ProfCompass” долбоору менен багынтып,  200 000 сомго ээ болсо, 2-орунду Табигый илимдер жана туризм институтунун “Химия сабактары боюнча санариптик технологияларды иштеп чыгуу” долбоору ээлеп, 100 000 сомго ээ болду. Ал эми  3-орунга “Энактас КМУ” командасынын “Bas to bas” долбоору тандалып, 50 000 сом тапшырылды.

Социалдык демилгелер категориясы боюнча 1-орунду Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институтунуну “Кыргыз мурастары” долбоору жеңип, 200 000сом алса, 2-орунду Педагогика жана психология институтунун “PSYCLUB” долбоору ээлеп, 100 000сомго ээ болду. 3-орунга Дене тарбия жана спорт институтунун “Спорт клуб” долбоору тандалып,  50 000 сом тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Стартап марафон-2” сынагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 18-майында №925 буйругу менен бекитилген Билим берүү уюмунун бизнес-инкубатору жөнүндө типтүү Жобонун максаттарын ишке ашыруу максатында уюштурулган.