Blog Image

КМУнун Стартап борбору жана «Энактас КМУ» командасы «Өнөр юнион» долбоорунун алкагында жарманке уюштурат

23-24-декабрь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору жана «Энактас КМУ» командасы «Өнөр юнион» долбоорунун алкагында кол өнөрчүлүктү жана социалдык ишкердикти колдоо максатында жарманке уюштурууда.

Жарманкеде таланттуу уз айымдардын колунан жасалган уникалдуу буюмдар, ошондой эле «Үмүт үйү» карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемеси менен кызматташуунун алкагында жасалган буюмдар коюлат.

“Өнөр юнион” долбоору кол өнөрчүлүк жана саймачылык менен алектенген аялдарга колдоо көрсөтүү, алардын өзүн-өзү ишке ашырууга жана кесипкөй өсүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Быйыл жарманкеге жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынан тышкары “Үмүт үйүнүн” бенефициарлары – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана кол өнөрчүлүк менен алектенип, киреше булагын тапкан кары-картаңдардын жасаган буюмдары коюлат.

“Бул долбоор уз аялдарды гана эмес, шартка байланыштуу ишке орношууда кыйынчылыктарга туш болгондорго да жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге, жарманке алардын коомдук жана иштиктүү жашоого интеграцияланышында маанилүү кадам болот деп ишенебиз. Сатуудан түшкөн бардык кирешелер долбоорду колдоого жана анын катышуучуларынын кол өнөрчүлүк потенциалын өнүктүрүүгө жумшалат», - дейт «Энактас КМУ» командасынын вице-капитаны Ай-Зирек Кадырбекова.