Blog Image

КМУнун Стартап борборунун жетекчиси жана “Enactus KSU” командасынын мүчөлөрү “Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы” семинарына катышты

30-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) «Технологияларды өткөрүп берүү боюнча ойлоп табууларды баалоо программасы» темасында "Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы" (CLDP) менен бирге семинар өткөрдү.

Семинарга университеттин Стартап борборунун жетекчиси Наргиза Абдылдаева жана “Enactus KSU” командасынын мүчөлөрү Ай-Зирек Кадырбекова, Алина Кенжебек кызы, Айпери Сапарова, Салиха Турсунбаева катышты.

Семинардын максаты Кыргыз Республикасынын «Технологияларды трансферлөө борборунун» (ТТБ) кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн университеттерден техникалык бөлүмгө сунуштала турган ойлоп табууларды баалоону окутуу. Семинардын катышуучулары Корнелл жана Бостон университеттеринин профессору технологияларды трансферлөө багытында тажрыйбалары менен бөлүштү жана АКШнын патенттер, товардык белгилер боюнча ведомствосу ойлоп табуулар патенттик өтүнмөлөрдү берүү жөнүндө баяндап беришти.