Blog Image

КМУнун студенти А. Дайырбекова студенттик илимий конкурсунда 1-орунду ээледи

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлектетик университетинин Педагогика жана психология институтунун студенти Аэлита Дайырбекова Бүткүл россиялык социалдык-маданий долбоору "Этностор аралык ынтымак жана өз ара аракеттенүү жумалыгы-2025" алкагында студенттик илимий конкурсунда 1-орунду ээледи.

Иш-чара Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университетинде өтүп, анда КМУнун Педагогика жана психология институтунун студенти Аэлита Дайырбекова «Совет элинин көп улуттуу эрдиги жана фашизмге каршы Жеңиштеги салымы» аталышында баяндама жасап, «Эң билимдүү баяндамачы» номинациясын жеңип алды.

Позвонить