КМУнун студенти А. Уланбекова Дүйнөлүк жаштар фестивалына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн институтунун студенти Айжамал Уланбекова 180ден ашуун өлкөдөн келген 20 миңден ашык катышуучуларды бириктирген Дүйнөлүк жаштар фестивалына катышты.
Белгилей кетсек, КМУнун Искусство жана дизайн институтунун студенти Айжамал Уланбекова 2024-жылы өткөрүлгөн тандоо турунан ийгиликтүү өтүп, аталган фестивалга жолдомо алган.
Фестивалдын максаты жаштардын чыгармачылыгын, билим деңгээлин жана эл аралык түшүнүгүн тереңдетүү.